Menu

Дарыгерден кеңеш: Отуз күндүк орозонун касиеттери жана ден-соолукка тийгизген пайдасы

Бөлүшүү:

“Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буюрулду…” (Ыйык Куран, Бакара сүрөсү, 183-аят)

Медицина системасында көздүн карегиндей болгон бир кадр бар. Ал атпай кыргыз журтуна белгилүү “колу жеңил” кардиолог Абдимиталип Халматов. Каарманыбыз саламаттыкты сактоонун отличниги, профессионал дарыгер гана эмес, ибадатка баш урган, мусулманчылыктагы Меккеге чейинки парзын аткарган, диний жактан да сабаттуу инсан экендиги факт! Муну эч ким тана албайт. Дал ушундай сыймыктуу агабыз Улуу Рамазан айын утурлай Орозонун медицинадагы, дегеле мусулманчылыктагы артыкчылыктары менен шарттарын, адам организми, жалпы бейтаптарга тийгизген пайдаларын ташка тамга баскандай тизмектеп, талдаган макаласы колубузга тийди. Дароо басмага жарыялап турган кербезибиз. Жараткан жалгасын…      

Мына алдыбызда улуу Рамазан айы дагы кирип келе жатат. Жыл сайын бул айдын жакындашы менен биздин бейтаптарыбыз Орозо тутуу боюнча көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Тилеке каршы, бул суроо бүткүл мусулмандар жашап жаткан жердеги дарыгерлердин орчундуу бир көйгөйү болуп эсептелет. Себеби, азыркы күндө мындай изилдөөлөрдүн аздыгы, оорулуу адамдарга кайсыл шарттардан Орозо кармоого уруксат берүү биз, дарыгерлер үчүн да жооптуу жагдай. Экинчи жагынан, азыркы статистика боюнча бүткүл дүйнө жүзүндө жүрөк кан-тамыр оорууларынын эпидемиясы, рак, өпкө ооруусу ж.б. илдеттерден жылдан-жылга миллиондогон адамдардын каза болушу. Дүйнөлүк кризистин элибизге тийгизген терс таасири–стресс, жакырчылык… Ушундай татаал заманда, биз, дарыгерлер да ооруларды айыктыруунун мындайча айтканда “арзан” жолун издейбиз. Мисалы, ушул күнгө чейинки изилдөөлөргө таянсак, чылым чегүүнү таштоо, спирт ичимдиктерине тыйуу салуу, салмакты таштоо жана кыймыл-аракетти көбөйтүү менен жүрөк кан-тамыр ооруулардан таблеткасыз эле 70-80 пайызга чейин кутулууга болот экен.

Эми бизге организмдеги иммунитетти көтөрүүбүзгө, аз тамактанууга, организмди бир жылда бир жолу шлактардан, топтолуп калган илдеттерден тазалоонун методу керек болууда. Бул метод болсо мындан 1400 жыл мурда Ыйык Куранда жазылган 1 жылда 1 ай кармалуучу Рамазан айындагы Орозо экендигин кɵпчүлүк окумуштуулар тарабынан бүгүнкү күндө тастыкталып турат. Улуу Куранда айтылган: “Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирɵɵ ооруп калып же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт… (Бакара сүрөсү, 185-аят)”. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) – “Орозо кармагыла–айыгасыңар” деген сөздөрү бизге бүгүнкү күндө акысыз дарылануунун дагы бир зор методу болуп калышына шексиз ишенем.

Сиздер окуй турган мен даярдаган бул маалымат–азыркы күнгө чейин бүткүл дүйнөлүк окумуштуулардын жана дарыгерлердин изилдөөсүнүн жыйынтыктары гана болуп эсептелет. Дагы эскерте кетейин, бул бардык бейтаптар үчүн “баш ийип аткарылуучу жолдонмо эмес”! Баянымда кетирген ката-кемчилдиктер болсо сиздерден алдын-ала кечирим сураймын. Андан сырткары азыркы бардык алынган материалдарым орус же англис тилдеринде болуп, кыргыз тилге да өзүм котордум.

Азыркы күнгө чейин көпчүлүк адамдар Орозону арыкташ үчүн же болбосо диета катары кармашат. Бул туура эмес. Бүгүнкү күндө интернетте, гезит, журналдарда арыктоонун жүздөгөн түрүн табасыз (Поль Брегг–“Чудо голодания”, Герберт Шелтондун, Малаховдун ж.б. методдору). Бирок, бул методдордун баарысын Орозо менен эч кандай байланышы жок.

Орозо – бул тамак жактан гана чектелүү болуп калбай моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу да болуп саналат. Бир жылдын ичинде организмде топтолгон ар түрдүү илдеттерден, эски ооруулардан да кутулууга эбегейсиз чоң салымын кошот. Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча ар бир айдын башында, биринчи күнү (дүйшөмбү күнү) бир күн орозо туткан (ачка жүргөн) адам жүрөк кан-тамыр ооруусуна чалдыгуусун 40 пайызга чейин азайтуусуна, астма приступун тɵмɵндɵшүнɵ, рак оорууларын алдын-алууга жана организмдеги иммунитеттин көтөрүлүшүнө жардам берет экен. Алардын айтуусу боюнча бир күн ачка жүргөн организмдеги “жеңил стресс” ушул оорулардын алдын алууга чоң салымын кошот экен. Демек, биздин улуу пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) сүннөт кылып жана ɵзү туткан “дүйшөмбү жана бейшемби” күндөрдөгү тутулган орозонун астында чоң бир сыр бар экендиги да такталууда!

Орозонун организм үчүн чоң пайдалуулугун азыркы күндөгү изилдөөлөр мындайча тастыкташып жатышат:

–Рамазан айы бул организмдеги процесстердин калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет экен, б.а. адамдагы “биоритм” – организмди алдыдагы 1 жылга токтоосуз иштөөсүнө программа түзүп берет экен. Япониялык окумуштуулар далилдегендей “тамактануу” болсо биоритмди башкаруучу бир чоң фактор болуп эсептелет. Ошондуктан, адамдар бир континенттен экинчи бир континентке (8-12 саат учуп) барганда алардагы тамактын сиңиши, уйку режимдин бузулушу байкалат. Бул кɵрүнүш кээ бир адамдарда бир жумага же андан да көп убакытка чейин созулат. Анын ичинде эң коркунучтуусу – жаңы режимге үйрөнүү эмес, ага өтүү этабы болуп саналат. Бул организм үчүн чоң стресс. Япондук окумуштуулар болсо өздөрүнүн учкучтарына (летчиктерине) башка континентке барганда япон убактысы менен тамактанууну сунуштаган. Ошондо аларда ашказандан да, уйкудан да эч кандай көйгөй болбогондугуна күбө болушкан, б.а. япондук окумуштуулар бул изилдөөлөрү менен Орозонун сырын ачышкан. Бул күндүзгү тамактануудан түнкү тамактанууга өтүүсү. Эртеден кечке чейин тамактанбай жүрүү менен биз биоритмди 1 жылга толугу менен калыбына келүүсүнɵ шарт түзүп берет экенбиз. Орозо организмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт, адамды жашартууга да зор өбөлгө түзөт экен;

  • Ашказанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясын ордуна башка милдетин б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалануу функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14 саат – бул тамактын ооздон кирип, жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелет. Ушул убакыттын ичинде ашказан, ичегилер толугу менен эс алат. Ашказандагы кислотанын азайышынын натыйжасында жара (язва) ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азайат;
  • Орозо убагында боордун иштеши он эсеге көбөйүп, организмдеги ууларды чыгуусун тездетет. Мисалы, орозо убагында организмден аммиактын чыгуусу 100 эсеге көбөйөт экен;
  • Тамактын жоктугунан организм өзүндөгү ашыкча майларын жоготууга, ар түрдүү илдеттерди, эми башталып келе жаткан рак илдетин да жоготуп салууга күчү жетет экен;
  • 20-35 жаштагы аялдарда болсо орозо убагында кандагы пролактин деген гормон 80% азайган! Ошондуктан, окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби, бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми боюнда болбой жүргөн аялдарга болсо пролактиндин азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат. Анткени, төрөбөгөн аялдардын канында пролактиндин аябагандай ɵсүп кетүүсү байкалган;
  • Эркектердин жыныстык абалына токтолсок: орозонун башында бул функция бир азга төмөндөйт экен. Орозо бүткөн соң орозого чейинки абалынан да жакшыраак иштеп кетиши далилденген;
  • Кошбойлуулук – бул медициналык ооруга кирбейт. Бирок, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балалуу жана кошбойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби, Аллах жаш баланын же эненин ичиндеги наристенин кыйналышын каалабайт”!
  • Адамдын терисиндеги майда ооруулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана чоң тери ооруулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген;
  • Аллергия ооруулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби, аллерголог дарыгерлер өздөрүнүн бейтаптарына оорууну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды диетага отургузушат;
  • Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусуна тосколдук кылат. Орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин көбөйүшүнө, натрий менен калийдин азайышына шарт түзүп берет экен;
  • Сɵɵк-муун оорулары менен ооруган бейтаптарга орозо жана андагы таравих намазын окуу чоң пайдасын тийгизет. Орозо бүткɵн соң мындай ооруулар 1 жылга чейин стационарга жатуу муктаждыктарынан кутулушат экен.

Эң чоң маселе бул Кант диабети

Мындан 5-6 жыл мурда кант диабети менен ооруган бейтаптарды Орозо тутуусуна дарыгерлер тарабынан катуу тыюу салынган. Акыркы изилдөөлөр болсо кант диабети менен ооруган ооруларга эгер орозо тутууну кааласа өздөрүнүн баалуу кеңештерин беришүүдө. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, Орозо кандагы канттын бир аз гана төмөндөшүнө, боордун көрсөткүчтөрүн, холестериндин составын жакшы жакка өзгөргөнүн тастыктайт. Окумуштуулардын айтымына караганда инсулинге көз карандысыз диабет менен ооруган ашыкча салмактуу адамдарга Орозо кармоо аябай пайдалуу экен. Инсулин алып жаткан оорулардын эгерде Орозо кармагысы келсе алар сөзсүз түрдө өзүнүн дарыгери менен кеңешүүсү зарыл.

Мындай оорууларга Рамазандын 3 принциби кеңештелет:

  1. Дары-дармектерди так жана убагында колдонуу;
  2. Диетаны катуу сактоо;
  3. Кыймыл аракетти кɵбɵйтүү.

Жогорудагы 3 принципти катуу сактаган бейтаптарга Орозо кармоого уруксаат берилет.

Кайсыл диабет оорууларга орозо кармоого тыйуу салынат:

  • Инсулин алып жаткан (I типтеги) абалы оор бейтаптар;
  • Канты тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү оорулар;
  • Дарыгердин кеңештерин аткарбаган бейтаптар;
  • Канттын артынан кан басымы жогору жана бөйрөктөрү начар иштеген ооруулар;
  • Кетоацидоз (ооруулардын комага түшүп калуусу) болгон бейтаптар;
  • Диабет менен ооруган кары адамдар;
  • Рамазан убагында канты кескин түшүп же көтөрүлүп кеткен ооруулар.

Инсулин алып жаткан жана кантты түшүрө турган таблетка ичип жаткан бейтаптар орозо убагында албетте, өзүнүн дарыгери менен кеңешип эртең мененки жана кечки дарыларын дозасын азайтып жана тактап алуусу зарыл! Орозо убагында да албетте, дарыгердин кɵзɵмɵлүндɵ болуусу керек.

Дагы кайсы ооруларга Орозо кармоого тыйуу салынат:                                

  • Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;
  • Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан ооруулар (сердечная недостаточности);
  • Инфаркт жана инсультка чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;
  • Оор абалдагы гипертония ооруулары;
  • Бөйрөк жана боор жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар;
  • Бардык өнөкөт (хроник) ооруулардын кайталаныш (обострения) убагында;
  • Бардык инфекциялык оорууларда;
  • Психикалык ооруулар;
  • Кош бойлуу жана балалуу аялдар;
  • Карылар (70-80ден жогору) жана жаш балдар (15 жашка чейинки).

Жүрөк кан-тамыр, гипертония ж.б. өнөкөт оорулар Орозонун алдында албетте, өзүнүн дарыгери менен кеңешип, ичип жаткан дары-дармектерин убактысын жана дозасын (көбүнчө азайтылат) тактап алуусу катуу сунушталат! Орозо убагында чоң күч сарп кыла турган жумуштардан сактаныңыз, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш, баня, сауна ж.б.,) токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, башыңарга албетте, жеңил калпак же шапке кийип жүрүңүз. Эртең менен саарлыктан кийин жатып алуу мүмкүн эмес, себеби, жеген тамак кайра кызыл өңгөчкө өтүп ашказан жана кызыл өңгөч ооруларын (гастроэзофагиальная рефлюксная болезнь) пайда кылат. Көпчүлүк адамдар орозо убагында жумуштан эмгек өргүүсүн алышат, бирок, шартка байланыштуу көпчүлүгү орозону жумушта ɵткɵрүшɵт. Ошондуктан, ысык абада сыртта азыраак болууга аракет кылгыла, бейтаптар көпчүлүк убактысын кондиционер бар жерлерде ɵткөрүшсүн. Бирок, шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин астында көп убакытка чейин болуу мүмкүн эмес. Орозо убагында күндүзү саат 14.00дөн – 17.00ге чейинки аралыкта 40-60 минутага чейин уктап эс алуу да пайдалуу.

Орозо убагында кантип жана эмне менен тамактануу керек?

Эртеден кечке чейин ачка жүргɵн адам ооз ачкан убакта (ифтарда) бир отурганда биринен көп тамак жеп алуусу сунушталбайт. Бул ашказан үчүн да, бүт организм үчүн да чоң зыянын тийгизет. Тамакты бул айда канчалык аз жесе организм үчүн ошончо көп пайдасы тийет. Ифтарды суу менен же 3 даана хурма (финик) менен ачкан медицина жактан дагы, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтү боюнча да сунушталат. Окумуштуулардын айтуусу боюнча хурманын курамында 60-65% чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар экен. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт, 3 даана хурма тамак системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, компот жана сүттү көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби, суюктуктун суткалык нормасы 2,5-3,0 литрге жакын болуусу зарыл. 15-20 минутадан соң эгер тамак жегиңер келсе биринчи же экинчи тамактан жесе болот, жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында көбүрөөк колдонгула. Аларды саарлыкта (сухурга) жегенге сунушталбайт. Сухурга жумуртка, каша, балык, кургак жер жемиштер, нан сунушталат. Куурулган жана майлуу тамактарды сухурга жеп болбойт, себеби, кечке чейин организм сууну талап кылат. Сухурга көк чай ичкен да жакшы болот. Эгерде кечке чейин суусабай жакшы жүргүңүз келсе бир стакан газдалбаган сууга кичине чай кашыктын төрттөн бир бɵлүгүндɵгү тузду кошуп сухурда ичип алыңыз. Газдалган ичимдиктер, өтө суук жана таттуу ичимдиктер да сунушталбайт. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Бул ифтар убагында болгону жакшы. Себеби, окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак ифтарда жакшы тамактангандан соң 1,5-2 сааттан кийин кандагы канттын көлөмү эң чоң даражага чейин кɵтɵрүлɵт экен, а бул убакыт болсо “таравих” намазына туура келип, ал намазды окуп бүткөн соң жеген тамак да сиңип, канттын кандагы көлөмү да ɵз нормасына келип калуусу лабораториялык жактан такталган. Ошондуктан, мындан 1400 жыл мурда жазылган Орозо, таравих намаздарынын организмге пайдалуулугун окумуштууларыбыз азыркы күндө тастыктап жатышат.

Урматтуу окурмандар, мен бул баянымда Улуу Рамазан айынын бир гана ден-соолукка тийгизген пайда, зыяндарына кыскача токтолуп өттүм. Орозонун мындан башка дагы пайдалуу жактарына кыскача токтолсок, булар:

  • Рамазан айында бизге Ыйык Курандын түшүүсү;
  • Ыйык Куранда айтылган бир гана ай – Рамазан айы;
  • Исламдагы 5 парздын бири;
  • Рамазан айындагы миң күндөн (83 жыл) да улуу болгон “Лайлат ал-Кадр” (“Кадыр түндүн”) кечесинин барлыгы;
  • Аллах Субахана Таала айткан: “Ар бир жакшылык иштер үчүн 10дон 700гө чейин сооп жазам, Орозодон башкасына. Орозону пендем мен үчүн кармайт, ошондуктан, ага канча сооп береримди бир гана өзүм билем”;
  • Жакшылыктардын, сооптордун эсепсиз кабыл болуу айы;
  • Таравих намазын окуп, соопторубузду андан да көбөйтүүчү ай ж.б…

Ниет кылып туткан орозолорубузду Аллах кабыл кылган болсун! Ушул Улуу айларда Кудайымдан тилерибиз Кыргызстаныбызга жакшылыктарды, берекетти, ыйманды, сабырдуулукту, элибизге байлыкты жана ден-соолук берсин. Элибизди башкарган башчыларыбызга Аллахтан адилеттүүлүктү, чындыкты, патриоттукту жана бекем ыйманды тилеп, бата кылабыз.

“Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбɵ болсо (туш келсе) Орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт… (Ыйык Куран; Бакара сүрɵсү, 185-аят)”.

Абдимиталип Халматов, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: