Өткөн жумада Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайына КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланган Жыпар Жекшеев барды деп уу-дуу түштүк. Эмне себептен Жекшеев ал жакка барды экен деген суроого Жекшеев өзү: «Ооба, экс-президенттин абалын сурап бардым. Анткени мен чыныгы демократмын» деп жооп бериптир.
Жыпар мырзанын чыныгы демократ экенин билбейбиз, бирок, ал киши башка максат менен Кой-Ташка барганынан күмөнүбүз жок. «Дерьмократ» Жекшеев учурда акча жагынан кичине кысылып, кошумча акча табуунун айла-амалын издеп жүргөн жокпу деген суроо да жаралууда. «Атамбаевдин колу ачык эле, чөнтөктү ысыта калчу эле» деп барса барган чыгаар жарыктык киши. Карыганда кылтыңдабай түз жүрсө, ар кайсыл жакка башын тыкпай. Бир четинен буга теригип деле кереги жок, бул дагы абышканын «шабашкасы» да туурабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ