Алмазбек Атамбаев Герат шаарындагы теракттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
“Герат шаарында жасалган террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.
Кыргызстан адамкерчиликке сыйбаган бул актты чечкиндүү түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун терроризмге каршы багытталган күч аракетин принципиалдуу түрдө колдойт.
Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ