Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2017-жылдын 3-август күнү саат 06:15 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жер титирөө Алай районунун Нура, Иккизяк айылдарында 4 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.
.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ