Дагы бир президенттикке талапкер Мамедов Нусрет Муса-Оглы өзүнүн арызын артка алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
“Бүгүн президенттикке талапкерлигин кайтарып алуу боюнча Мамедов Нусрет Муса-Оглыдан арыз түштү”, – деп маалымдады БШК.
Талапкер Мамедов Нусрет Муса-Оглы бүгүн, 3-августта кыргыз тилинен тест тапшырыш керек болчу. Кыязы кыргыз тили сынагынан өтүп кетерине көзү жепесе керек.
Эске сала кетсек, 15-октябрда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары БШКга 59 жаран арыз берген эле. Эми алардын 57си калды. Кечээ, 2-августта дагы бир талапкер Анвар Сартаев президенттикке талапкердигин артка чакырып алган эле.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ