Menu

Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевге сөгүш жарыялады

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору    Курманбек Акышевге  сөгүш жарыяланды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сөгүш өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин тийиштүү дещгээлде аткарбагандыгы үчүн жарыяланды.

Эске салсак, бүгүн Өкмөт башчы Кыргыз Республикасындагы жарандык авиацияны абалы жана келечекте өнүктүрүү  маселеси боюнча кещешме өткөрүп, анда тийиштүү мамлекеттик органдардын анын ичинде Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин  иши кескин сынга алынды.

Кещешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине 10 күндүк  мөөнөттө  жарандык авиация тармагындагы кемчиликтерди жоюу жана авиажүргүнчүлөр менен түздөн-түз иштөөдө түзүмдүн  ишин жакшыртууга багытталган  сунуш берүү тапшырылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: