Menu

Сооронбай Жээнбеков: Эки элдин бир туугандыгын даңазалап, кыргыздын Манасына арналган айкелдин Стамбул шаарында орнотулушу кыргыз эли үчүн чоң сыймык

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-августта, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында «Манас» эпосунун каарманынын эстелигинин ачылыш аземине катышты. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Салтанаттуу иш чарага Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш, Стамбул шаарынын губернатору Насип Шахин, Түркиянын маданият жана туризм министри Нуман Куртумуш, Кыргыз Республикасынын делегациясы, Түркиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, эки өлкөнүн тарыхчылары жана Стамбул шаарынын тургундары да катышышты.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Стамбул шаарындагы Манастын айкелинин ачылышындагы сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу түрк боордошторум!

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн Айкөл Манас атабыздын айкелин Түркия мамлекетинде ачуу аземине чогулуп олтурабыз!

Бул окуя Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланыштардын тарыхында дагы бир жаңы баракты ачып жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Кыргыз мамлекетинин жана жеке өзүмдүн атыман Түркиянын мамлекет башчысына жана Өкмөтүнө терең ыраазычылыгымды билдирем.

Эки элдин бир туугандыгын даңазалап, кыргыздын Манасына арналган айкелдин Стамбул шаарында орнотулушу кыргыз эли үчүн чоң сыймык.

Бул жалпы тарыхыбыз, түбүбүз бир экенин бекемдөөнүн үлгүсү деп айтсам болот.

Бүгүнкү салтанатка эки элдин тарыхчылары, окумуштуулары, коомчулук өкүлдөрү чогулганына кубанып турам.

Айкөл Манастын эстелигин орнотулушуна салым кошкондорго: скульпторлор Мурзакаримов Токталы, Ажиев Садабекке, сүрөтчү-скульптор Калбаев Сейитбекке, Йедитен Университетинин негиздөөчүсү Бедредди Даланга, демөөрчү жеке ишкер Сарлыкбек уулу Темирланга, Түлөбердиев Ренатка жана Осмонов Каныбекке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан терең ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу боордоштор!

1991-жылы Кыргызстан эгемендик алгандан бери Түркия бизге боордоштук жардамын аябай келатат.

Туруктуу өсүп жаткан экономикасы менен дүйнөгө таанылган Түркия боордош жана тектеш элдерге экономикалык, саясый, маданий-руханий жактан колдоо көрсөтүп жатканын биз эч качан унутпайбыз!

Эки элдин ынтымагы карт тарыхтын барактарында сакталып келган. Түрк эли бир нече жолу кыргыздарга арналган эстеликтерди ачкан. Биринчиси – 11-кылымда Изник шаарындагы кыргыздардын күмбөзү болсо, экинчиси – Элазык шаарындагы кичи районго кыргыз элинин атактуу уулу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген. Мына бүгүн Айкөл Манас атабыздын эстелиги Стамбул шаарына орнотулуп жатат.

Изник шаарындагы кыргыздардын күмбөзү тууралуу айтпай кетпесем болбос.

11-кылымдарда Изник шаарынын алдындагы Византия менен Түрк элинин ортосундагы согушта түрктөр 20 миңден ашык жоокерин жоготот. Аларга ат жалында эркин ойногон, эр жүрөк кыргыз жигиттери жардамга келип, шаарды алганга көмөк көрсөткөн.

Түркиянын Изник шаарынын алынышына жана Анадолу Селжүк мамлекетинин борборунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыздардын урматына Султан Орхон Гази тарабынан атайын арналып, күмбөз тургузулган.

Бул күмбөз ушул күнгө чейин урмат менен каралып, Түркиядагы сыймыктуу жерлердин бири болуп келет.

Урматтуу боордоштор!

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов айткандай “Манас” – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”.

Элдик оозеки чыгармалардын ичинен көлөмү жагынан дүйнөдө теңдеши жок чыгарма, жарым миллиондон ашык саптан турган “Манас” эпосу – жалпы дүйнөлүк адабияттын казынасы үчүн баа жеткис кенч.

Эпосто кыргыз элинин жоокердик турмушу кеӊири чагылдырылган. Манас эпосу – биздин тагдырыбыз, улуу тарыхыбыз.

Манас – кыргыздын майтарылгыс руху. Дал Манас сыяктуу баатырларынын кайрат-күчү, духу менен кыргыздар сакталып келди. Мындан ары да Кудай колдоп, сакталып кала беребиз!

Стамбул шаарында орнотулган Айкөл Манастын эстелиги – түрк тилдүү элдердин биримдигинин символу болуп, эки элдин ынтымагын бут дуйного даназалайт.

Келечекте Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы мындан ары да бекемделип, жогорку деңгээлге жетерине ишенем. Кечээ Туркиянын Премьер-министри Беналы Йылдырым менен боордош, бир тууган элдин ар тараптуу кызматташтыгы тууралуу кеңири багытта талкууладык. Бүгүнкү өткөн иш-чара да эки өлкөнүн достугун чыңдап, ортодогу маданий-гуманитардык алакалардын жакшырышына дем берет.

Урматтуу достор!

Кыргыздарга бир туугандык ишааратын жасаган түрк боордошторго өз элимдин, урматтуу Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин, жеке өз атыман алкыш айтам!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелер түбөлүккө бекем болсун!”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: