Бүгүн, 10-августта жарандык активист Мавлян Аскарбековго УКМКдан шектүү катары суракка келүүсүн талап кылган чакыруу кагазы келген. Бул тууралу Мавлян Аскарбеков УКМКнын чакыруу кагазынын фотокөчүрмөсүн жарыялоо менен facebook баракчасынан билдирди.
Көп өтпөй КР УКМКнын басма сөз кызматы Мавлян Аскарбековго каршы 20-июлда КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-бийликти күч менен басып алууга чакыруу беренеси боюнча кылмыш иши ачылгандыгын билдирди.
Мавлян Аскарбеков быйыл 16-январда Дача-СУ аймагында кулаган “Боинг” учагынан жабыркагандар менен жолугушууда сүйлөгөн сөзөрүн жазып алган УКМК аны атайын экспертизага жөнөтүп, ал сөздөрдөн бийликти күч менен басып алууга чакыруу белгилерин тапкан имиш.
Бүгүн УКМКнын тергөөчүсүнө барган Аскарбеков адвокатынын жоктугуна байланыштуу суракты 14-августка которууну сурангандыктан тергөө аны дүйшөмбү күнү саат 14.00.гө жылдырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ