2017-жылдын 10- август күнү шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, шаардык интернет клубдардын биринен белгисиз жаран 14 000 сомдук “самсунг А-3” үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткендигин кабарлаган. Бул туурасында ИИМдин расмий сайты жазып чыкты.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш -аракеттеринин натыйжасында кылмыш изин суутпай шектүү катары 21 жаштагы Б.Х. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ