Menu

Азыркы тапта президенттик жарышта 49у калды

Бөлүшүү:

Президент болсом гүлдөтөм, жыргатам, кыйратам деп жаткан талапкерлердин саны күндөн-күнгө азайып жатат. Алгачкы күндөрү ажо болмокчумун деген алабармандардын саны алтымшка жеткен эле. Азыркы тапта 49у калды. Шайлоо күнү келгенче дагы далайы жарыштан четтээри турган иш. Отуз миң кол топтой албагандар, 1 миллион сом күрөө төкпөгөндөр, кыргыз тилин билбегендер, эптеп эле атын чыгарыш үчүн талапкер болгондор, соодалашып кызыкчылыгын ишке ашырып калууну көздөгөндөр болуп отуруп, кыйласы шайлоого барбайт. Мына президенттик шайлоого ар дайым катышам деп арыз берип, бирок аягына чейин барбаган, жумурай журтка ушул жоругу менен таанылган Акбаралы Айтикеев акыркы саясий кырдаалды карап көрүп, шайлоо таза өтпөстүгүн билгендиктен шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Кеп эмес бекен…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: