Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун аймагында опийим өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн 49 жаштагы Жети-Өгүз районунун жашоочусун кармашкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Шектүүнү текшерүү учурунда опийимди өзүнүн керектөөсүнө колдонуу үчүн өстүргөнүн билдирген.
Милиция кызматкерлери 42 түп опийим өсүмдүгүн экспертизага жөнөтүшүп, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык “опийим” баңгизаты экендиги аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 250-беренесинин (баңгизаттарын камтыган өсүмдүктөрдү айдоо жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ