7-август күнү өзүн-өзү көрсөтүү менен президенттике ат салышып жаткан Бабанов 107 миң колдоочусунун кол тамагасын БШКга тапшырды. Ал эл аралык социологиялык изилдөө-сурамжылоо жыйынтыгы боюнча 80% менен атаандаштарынан ат чабым алдыга чыгып жүрөт. Мамлекеттик тилди билүү боюнча тестти да эң жогорку 93,4 балл көрсөткүчү менен тапшырып өттү. Республика боюнча ачылган штабдары башкаларга салыштырмалуу бир топ эсе көп болуп, башка атаандаштарына караганда президенттик шайлоо фондун да көп суммага каржылоого даяр экен.
Депутаттарынын саны менен да парламенттеги бийлик партиясынан кийинки эле орунда турат. Кыргызстан боюнча бардык аймактык жергиликтүү бийликке өз өкүлдөрүн алып чыккан күчтүү партиясы жана БШКнын мүчөлүгүндө өз өкүлү да бар. Ал эми көчөдөгү карапайым элден сурамжыласаң, үчөөсүнүн бирөөсү сөзсүз Бабанов деп жатат. Мындан кооптонгон аттары белгилүү атаандаштары “кара пиар” менен да шыбап киришти. Ойдон чыккан имиш, апыртмаларга теригип кылчайбай, атаандаштарынан бардык жагынан алдыга чыккан көрсөткүчтөрү менен Бабанов – учурдагы ажолук жарышка төрт тарабы төп келип, таза суутулган тулпардай болуп турган кези.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ