Президенттик шайлоо жакындагандан баштап Кыргызстандын саясий лидерлери кыйсыпыр түшүп даярдык көрүп жатышат. “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, шайлоого чейин канчасы калып канчасы кетет белгисиз.
Ал эми шайлоонун аягына чейин кимдердин бара тургандары коомдук сурамжылоо аркылуу эле билинип калды. Мисалы, сурамжылоо жүргүзүп жаткан akipress.org жана super.kg интернет маалымат булактарынын 2017-жылдын 15-августтундагы алдыңкы бешиликтин жыйынтыгына карасак элдин ишеними Өмүрбек Бабановго ооп турат.
AKIPRESS.ORG интернет булагынын жыйынтыгы боюнча:
ӨЗҮҢДҮН ПРЕЗИДЕНТТИНДИ ТАНДА (ВЫБЕРИ СВОЕГО ПРЕЗИДЕНТА!)
Өмүрбек Бабанов 41.35% (1148)
Сооронбай Жээнбеков 33.83% (939)
Темир Сариев 14.27% (396)
Бакыт Төрөбаев 2.38% (66)
Канатбек Исаев 1.48% (41)
SUPER.KG интернет булагынын жыйынтыгы боюнча:
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КИМГЕ ДОБУШ БЕРЕСИЗ?
БАБАНОВ Өмүрбек 31,4% (293)
ТӨРӨБАЕВ Бакыт 28% (261)
МАДУМАРОВ Адахан 18,2% (170)
ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай 7,2% (67)
ТЕКЕБАЕВ Өмүрбек 4,9% (46)
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ