Menu

Шайлоо-2017: Мамлекеттик тил сынагынан 41 талапкер өттү

Бөлүшүү:

Мамлекеттик тил комиссиясы кабарлагандай, 16-августта тизме боюнча алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Марат Мергенов жана Темирбек Асанбеков тест тапшырып, ийгиликтүү өттү деп табылды. Ал эми Бакыт Керимбеков сынакка келген жок.

Ушул кезге чейин президенттик кызматка талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө 46 киши катышты. Анын кырк бирине эне тилди В2 деңгээлинде билет деген сертификат берилди. Бешөө керектүү упай топтой албады, аларга сынактын жыйынтыгы тууралуу маалым кат гана берилди.

Кыргыз тилинен сынак тапшыруу президенттикке талапкерлерге коюлган негизги шарттардын бири. Алар 100 баллдык тесттен кеминде 60 упай алуусу шарт. Сынактан кулагандар шайлоого катыша албайт. Тестирлөө 26-июлда башталган.

Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо “Кыргызтест” системасы аркылуу биринчи ирет жүргүзүлүүдө.

Президенттикке талапкер катары арыз жазган оппозициячыл саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, убактылуу абактагы Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагынан өтүү үчүн шарт түзүп берүү өтүнүчүн Кыргызстандын БШКсы канааттандырган эмес.

16-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго сот өкүмү угузулуп, экөөнө тең 8 жылдан абактык мөөнөт чегерилди. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталып жаткандар бул сот жүрүмүн саясий куугунтук катары баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келишет.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: