Стамбулга учуп бара жаткан бир нече жүргүнчү Ашхабад аэропортунда суракка алынды. “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлагандай, аэропорт кызматкерлери алардан Түркияга эмне себептен бара жатышканын, иштеген жеринен чет өлкөгө чыгууга уруксат берилгени тууралуу документтерин жана акчаларыны санын сурашкан.
Күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчүлөрдүн банк карталарын дагы текшеришип, эгер чет өлкөдө андан акча чыгарып алышса, жаза алышарын эскертишкен.
“Азаттыктын” түркмөн кызматына маек берген ашхабаддык тургундун айтымында, Стамбулга келген соң, банкоматтан акча алууга аракет жасаган учурда Түркмөнстандагы эсеби тоңдурулганын билген.
Күн мурун Түркмөнстандын Борбордук Банкынын башчысынын көрсөтмөсү менен физикалык жактардын банк операциялары катуу көзөмөлгө алына баштаганы белгилүү болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ