Кыргыз саясатында кимдер гана «какыдыктап, кукудукташкан» жок. Бирок, баары тең өз кызыкчылыктары ишке ашып, кызарган жерден бир нерсе жулуп алышкан соң «убактылуулукка» айланып олтуруп калышат. Айталы, Мирослав Ниязов деген мырзаны унутуп кала элексиңерби? Кезинде Алмазбек Атамбаевдин бийлигине каршы чыгып, оппозиция болуп жүргөндөрдүн сап башында эле. Ар бир сөзүн баптап айткысы келгени менен ар кайсы маанисиз ишке деле илеше берчү. Оппозицияда жүрчү кезинде, «короз эртең менен кечигип кыйкырып калды» деп деле ар кайсы редакцияда жүрчү. Кийин Тажикстанга элчи болуп кеткенде кыйкырмак тугүл үнүн чыгарга жарабай дым-дым болгон. Ошентип акырын жүрүп быйыл Тажикстандагы мөөнөтү бүтүп, жыла басып Афганистанга элчи болуп кетти. Баякы баптап-баптап «какылыктап» калчу Мирослав мырза коомдо болуп жаткан окуялар, кырдаалдар тууралуу же жок дегенде өзү элчилик кылып жаткан өлкөдөгү биздин жарандар, эки өлкөнүн алакасы тууралуу деги эле үн катпайт. Кызмат нени гана кылбайт ээ?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ