Menu

КР Өкмөтү: “Айбермет Кутуева ээлеген кызматынан өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары кызматынан Айбермет Кутуеванын бошотулушун айрым ЖМКлар Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан түзөтүүлөр боюнча анын көз-карашына байланыштырып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Өкмөт аталган мыйзамда каралган негиздемелер боюнча мыйзам долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катышат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү каралган эмес.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ченемдик-укуктук жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздаган аткаруу бийлик органы болуп саналат.

Юстиция министрлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берүүсү керек деген шилтеме чындыкка жатпайт, анткени, Юстиция министрлиги ченемдик-укуктук актыларды экспертизалоодон өткөрөт, процедура боюнча ал расмий корутунду берүүдөн айырмаланат.

Юстиция министрлигинин терс корутундусу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорду жылдырууда маңыздуу роль ойнойт деп айтуу туура эмес. КР Конституциясына ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорго корутунду берүү КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укугуна кирет (97-ст.6-п.).

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин 2016-жылдын 15-январындагы №19 буйругуна ылайык, тапшырылган милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары А.Б.Кутуевага катуу сөгүш жарыялынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кенештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Г.Скрипкина 2016-жылдын 19-апрелиндеги (6-2610 и/16 чыгыш номерлүү) катында Премьер-министр С.Ш.Жээнбековго кайрылып, Юстиция министринин орун басары А.Кутуева ээлеген кызмат ордуна ылайык келээри жөнүндө маселени кароону сунуштаган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2016-жылдын 10-майындагы №257 буйругу аркылуу тапшырылган милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Юстиция министринин орун басары А.Б.Кутуевага эскертүү берилген.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде белгилесек, Айбермет Кутуеваны юстиция министринин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу чечимди анын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ченемдик-укуктук актылар долбоорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыктын ишин тескегендиги менен байланыштыруу мүмкүн эмес. Ал ээлеген кызматынан өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: