2016-жылы 15 миң 238 адам Акыйкатчы институтуна кайрылганын 24-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул кайрылууларга мамлекеттик мекемелер өз ишин так, натыйжалуу аткарбагандыгы жана мыйзамдардын сакталбагандыгы башкы себеп болууда.
“3800 адам кат түрүндө кайрылган. Алардын 190у жааматтык түрдө болгон. Жалпысынан кайрылууларга 2988 адам кол койгон. Оозеки түрүндө 8640 адамга кеп-кеңеш берилген. Эң көп калктын социалдык жактан эң начар корголгон катмары – жумушсуздар, пенисонерлер, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана абактагы жарандар. Даттануулардын 69 пайызы сот жана прокуратура органдарына, 2 пайызы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, 1 пайыздан ашыгы социалдык өнүктүрүү жана медицина тармагына карата болгон”, – деди акыйкатчы.
Мындан тышкары акыйкатчы кайрылгандардын 80-90 пайызынын маселели чечилгенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ