Премьер-министр Сапар Исаковдун англисче сүйлөгөн, планшет кармаган командасы ишти тарта албай жатышат. Планшетти ар бир эле жаран кармай албайт. Мейли байлардын шарты бар, ал эми карапайым катмарда планшет эмне экенин билбегендер бар. Ошол себептүү дароо эле Американы курам дебей, кичине элдин маселесин чечүүдөн баштаса жакшы болот эле. Өзү деле асмандан түшкөн эмес да, Нарындын эле сары баласы. Элге азыр көмүр керек, коопсуздук керек, арзанчылык керек, электр энергия өчпөшү керек дегендей. Кыскасы Исаков бул кебетеси менен элдин жүгүн көтөрө албай калды окшойт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ