Ооба, алдыда ажо жарыш болот. Бирок, ар нерсенин өз убактысы болот эмеспи. Ага карабай эле арабанын астына түшүп алып чуркагандар четтен чыгууда. Бул жолу дагы эле баягы бийликчил талапкер Жээнбеков жээлигип атат. Атургай ал тиешелүү мыйзамды да уруп ойнобогонун бул кылыгы менен баса белгиледи.
Айтсак, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков азыртадан эле үгүт материалдарын тарата баштаганы сындалууда. Эл арасына бул талапкердин жарнамалык буклеттерин адамдар ачык эле таратып жүрүшкөнү сөз болууда. Эң башкысы буклеттерде чыгарылган күнү, тиражы, басып чыгарган жери, буйрутмачы тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Аталган буклетте учурда кызматта отурган аткаминерлер, бийликтин талапкерине бир жактуу мактоого толгон жакшы мүнөздөмөлөрдү беришкен. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков үгүт иштерин жүргүзүп жатканы тууралуу БШКга “Ак Шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариев, президенттикке талапкер Рита Карасартова жана “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы дагы арыз жазышкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды канааттандырган эмес. Эми да канаатандыраары күмөн.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ