Акыйкатчы Кубат Оторбаев митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынышын мыйзамсыз деп эсептейт. Акыйкатчы белгилегендей, бул Конституциядагы эң негизги укуктарды бузуу болуп эсептелет. Бул туурасында ал: «Албетте, бул туура эмес кадам. Мурдагы бийликтердин кадамдарын зеке салат. Сөз эркиндиги менен катар, жыйындар эркиндиги адамдын негизги фундаменталдуу укуктарынын бири болуп эсептелет», -деп билдирди. Эске сала кетсек, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 27-июлдан 20-октябрга чейин Ала-Too аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Боршайкомдун алдында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат жок.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ