Menu

Трамп АКШнын Ооганстанга байланыштуу жаңы стратегиясын жарыялады

Бөлүшүү:

Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп Виржиния штатындагы Форт-Майер базасында түз эфирде Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялады. Ал талиптерди жеңүүгө багытталган.

Трамп аскерий операциялардын башталышы жана аякташы боюнча мөөнөт чектелбей турганын айтты.

“Биздин жаңы стратегиянын өзөгү убакытты белгилөөдөн кырдаалга негиздеп иш кылуу багытына өтүү. АКШга аскерий операциялары тууралуу алдын ала жарыялоо канчалык конструктивдүү экенин көп жолу айткам. Биз мындан ары аскерлер контингентинин санын жана аскерий аракеттердин планын айтпайбыз”.

Мындан сырткары Трамп Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү террористтик уюмдарга ошол жылчыкты толтурууга өбөлгө болорун, Ирактагы катачылыкты кайталабоо зарылдыгын белгиледи. Пакистан экстремисттерге “коопсуздук баш калка” сунуштабашы керек деп эскертти.

Америкалык медиада буга чейин айтылгандай, АКШ администрациясында Ооганстанда мындан ары эмне кылуу, кандайча аракеттенүү керектиги боюнча ажырым болгон. Айрымдар аскерлердин санын көбөйтүүнү колдошкон. Ошол эле учурда Ак үйдө “антиглобалисттер” деп атыккан топ аскерлердин чыгарылуусун жактаган.

2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылган соң азыркы 8400дөй америкалык аскер калган.

Мындан сырткары АКШнын атайын күчтөрүнүн Талибанга жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүгө багытталган 2000дей аскери да бар. Буга кошумча азыр Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнөн 5000дей жоокер турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: