Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын С.Р. аттуу тургунуна каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Мыйзамдын негизинде кылмышка шектүүнүн үйүн текшерүү учурунда ИЖ-К16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында 22-август күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Кемин районунун 41 жаштагы Н.Ы. аттуу жашоочусунун үйүнөн ИЖ-18 үлгүсүндөгү 32-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы табылган. Ал эми Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо фактысы менен 70-жаштагы Б.К. аттуу жарандын үйүн текшеришип, натыйжасында ИЖ-18 ЕМ үлгүсүндөгү 12-калибрдеги ок атуучу куралын табышкан.
Жогорудагы фактылар менен Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 242-беренелери (куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо) боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ