Төө-Ашуу менен Ала-Белден өткөн ар бир жүргүнчүгө ак жол каалап, айылынын алма, өрүгүн сагынган Нарынбек Калыбаев кезинде «Айылдан салам», «Анар кыз» деген ырлары аркылуу көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун тапкан. Атактуулугу жаңыдан арта баштаганда ден-соолугуна байланыштуу шоy-чөйрөдөн четтей турууну чечкен Нарынбек мырза айтылуу Аксы жергесиндеги кичи мекенине кайткан. Талант өнөр адамын жөн жаткырбасы анык эмеспи, дегеним ырчы эс алуу учурун текке кетирбестен түштүк жергесиндеги бир топ маданий иш чараларга катышууга жана обондорду жаратуу менен өткөргөн. Көптөгөн ыр сүйүүчүлөрдүн суранычы менен борборго кайткан өнөрпоз 2015-жылы май айында «Айылдан салам» аталыштагы алгачкы концертин берген. Андан бери Нарынбек мырзанын бир катар обондуу ырлары жарык көрдү, бирок бири дагы алгачкы обонундай көпчүлүктүн көңүлүн имере албады, аттиң!..
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ