Menu

Төрөбаев көрөгөчтүк кылып, кең пейилдигин көрсөттүбү?

Бөлүшүү:

Өткөн жуманын этегинде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Премьер-министрлик кызматка Сапар Исаков дайындалды. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт курамынын дээрлик басымдуу бөлүгүн жаштар түзүп жаткандыктан Сапар мырза башында турган жаңы өкмөттүн курамына мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын эске алып, аванс катары колдоого алды. Ырасында, Төрөбаев туура кадам жасады. Дегенибиз, буга чейин коомчулукта бийликке жаштар келиш керек деген пикирлер арбын айтылып келген. Мына ошондой кырдаал жаралып, бийликке жаштар келип жатканда колдобой коюу өзүн эле ойлогон ичи тар, жаштарга бут тоскондук, көрө албастык катары каралмак. Демек, Бакыт мырза көрөгөчтүк кылып, кең пейилдигин көрсөттү… Эл көксөп жаткан жаштар бийликке келди.Эми иштеп, иш жүзүндө эмнеге жөндөмдүү экендиктерин көрсөтсүн. Андан соң сын айтыш керек…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: