Menu

Айдар Сейталиев: “Президенттин коррупцияга каршы күрөшүн улантканым үчүн үч жылга кесилип атам”

Бөлүшүү:

Айдар Сейталиев 2005-2010-жылкы революцияга жандуу катышып, алгач Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы, кийин Бакиевдин заманында президенттин балдары менен бир туугандарын бийликтен кетирүү, электр кубатына болгон мурдагы тарифтерди калыбына келтирүү ж.б. боюнча бир канча нааразылык акцияларын уюштурууда оппозиция лидерлерине колуна кол, бутуна бут болгон алдыңкы катардагы патриот жигиттердин бири. Өзгөчө 2010-жылкы Апрель революциясында модераторлук кызматты аркалап, Сокулук район аралык элдик курултайын жетектеп, жаштарын башкарып келгенин өз көзүбүз менен көргөнбүз. Р.Отунбаеванын колунан «Апрель революциясынын баатыры» деген татыктуу наамды алган. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы «Жогорку элдик көзөмөл» коомдук уюмунун Чүй облустук координатору. Эми минтип башына мүшкүл иш түшүп Сокулук райондук соту жөн жерден шарттуу түрдө үч жыл эркинен ажыратып отурат. Эмнеге, кайсы күнөөсү үчүн экенин сурамжылап билдик.

-Айдар иним, 2005-2010-жылкы революциялардын модератору болгонуңду билет элек. Жакында эле сени «Сокулук райондук соту 3 жыл шарттуу түрдө эркинен ажыратты» деген сөздү угуп калдым. Ушунун чоо-жайын өзүңдөн уксак…

– Мага Сокулук райондук прокуратурасы үч айып таккан: 1. Сокулук маданият үйүнүн директору болуп турганда Чүй облустук жаш майыптар коомунан, жертөлө үчүн ижара акчасын алган эмес. 2. Сокулук райондук дзюдо федерациясынын жаш жеткинчектери машыккан спорттук залдан ижара акчасын алган эмес. 3. Маданият күнүнө сарпталган 6000 сомду туура эмес колдонгон. Сокулук райондук соту, андагы прокурору «8 жыл оор жаза өтөсүн» деп суранды. Сот мени 3 жыл шарттуу түрдө эркимен ажыратуу чечимин чыгарып соттоп атып, «эми башка бирөөнүн ишине кийлигишкениңди токтотосуң го» деп жылуу-жумшак узатып салды. Азыр биз Чүй облустук сотуна арыз менен кайрылганбыз, 30-август күнү менин ишимди карайт.

– Сен бул айыпка макул эмессиң…

– Ооба, макул эмесмин. А кезде менин колумда мөөрүм, банктагы эсебим жок экенине карабай туруп күнөө коюп жатышат. Бул саясый буюртма болуп атат. Буюртманы Акаев менен Бакиевге шайлоо учурларында 98% добуш алып берген райондун айрым жетекчилери кылган. Анткени, биз буга чейин Сокулук районунун коррупцияга каршы бириккен кыймылын түзүп, райондун жетекчилигинен баштап прокуратурага сын пикирлерибизди айтып, жадагалса райондун эки прокурорун биздин аракетибиз менен жумуштан кетиргенбиз. Райондун коррупцияга аралашкан, мыйзамсыз жер саткан, сугат жерлерин жасалма түрдө соодалап ийген коррупционерлердин иштерин каза баштаганда, бириккен кыймылдын активдүү башчысы катары мени токтотуу аракети башталды. Бул иш 2015-жылы козголгон, азыркыга чейин созуп атты. Алардын ой-максаттары ишке ашты. Биз ооздукталып,коррупцияга каршы кыла турган ишибиз токтоп, көп учурда сотто чуркап жүрөбүз. Ошонусуна карабай, коррупцияга каршы бириккен кыймылдын мүчөлөрү өз жумуштарын кылып атышат. Натыйжада райондун аймагына караштуу айрым жетекчилерге иш козголуп, кээ бирлери биздин кыймылдын аракети менен кызматынан ажырап калды.

-Айдар айтчы, коррупцияга малынган, баштары чыкпаган жаат кайда экен, иликтеген болсоң керек?

– Бүгүнкү күндө эң көп коррупцияга баткан орган катары сот системасы, прокуратура жана көзөмөл эсеп палатасы экенин мен үч жылдык иш тажрыйбамда көрдүм. Булар керек болсо качып кеткен эки президенттин бир туугандарынан алда-канча көп «жейт». Кыргызстандын тамырын жеп аткан ушу үч структура.

– Эми 30-август күнү сот болот экен. Соттон адилеттүү чечим күтүп атасыңбы же кандай?

– Дале болсо «акыйкат сот бар» деген үмүтүм өчпөй турат. Коррупцияга каршы күрөштү алгач өлкө президенти Алмазбек Атамбаев баштап, азыркыга чейин токтоткон жок. Алмазбек Шаршенович менин коомдук ишмер катары калыптануума таза жүргөндү, түз сүйлөгөндү үйрөткөн. Мен а кишиден саясый жактан таалим-тарбияга каныгып, насаатын алган адам катары, шакирти катары, ажобуздун идеясын колдоп, ишин уланткан адам катары ошо күнкү соттон адилеттүү чечимди гана күтөм.

– Сени колдой турган, артыңда жөлөп-таяган адамдар барбы?

– Ооба да. Мен негизи революционер партиялардын мүчөлөрүнө, Апрель элдик революциясынын баатырларына, реформатор күчтөргө таянам жана коррупцияга карата иш-аракетимди токтотпостон уланта бермекчимин…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: