2017-жылдын 27-август күнү Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 46 жаштагы М.А аттуу Аксуу районунун жашоочусу кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүү учурунда шектүүдөн 2 капка салынган өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү зат табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында жалпы салмагы 22 килограммды түзгөн марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда аталган факт боюнча тергөө жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ