Menu

Милиция кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды кармашты

Бөлүшүү:

Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 26-август күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Жибек-Жолу, Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш адам күч колдонуп сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткенин билдирген. Сумканын ичинде 3000 сом акчасы, жеке документтери бар болгон. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: