Menu

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдын натыйжасында жабыркаган ишкерлердин чыгымдарын баалоо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов 31-октябрда, Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындатоварлардын жана продукциялардын кармалуусунун натыйжасында ишкерлерге келтирилген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын биринчи жыйынын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Комиссия Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан кечээ кол коюлган “Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалдын натыйжасында жабыркаган ишкерлерге мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык түзүлгөн.

Анын курамына өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери, бизнес-ассоциациялардын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана көз карандысыз баалоочулар кирди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча КР Экономика министрлигине караштуу Чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын катчылыгын түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, Экономика министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Транспорт жана жолдор министрлигине бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында токтоп турган унааларды каттоону жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Экономика министрлигине түзүлгөн кырдаал жөнгө салынганга дейре өткөрүү пункттарындагы транспорттук каражаттарды күн сайын каттоодон өткөрүү механизмин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, Комиссиянын жыйындары ар жума сайын өткөрүлүп турмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: