Кыргызстанга чет жакта иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га азайды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдын биринчи кварталында жеке жактардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19%га аз.
«Мигранттардан которулган акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт», – деди Абдыгулов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ