Маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова чоң саясатка депутат болуп аралашуу менен вице-премьер-министрлик кызматка чейин жетти. Бирок, жаңыдан аткаруу бийлигине келген кезде жүдөп-какап, иштин көзүн билбей биртопко чайналып жүрдү эле. Талыкпаган аракетинин аркасы менен азыр бир топ такшалып калды, иштин көзүн таап калды дегендей… Памирдеги боордошторду көчүрүп келүүдө чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, айым башы менен жоопкерчиликти көтөрүп, үлгү болчу иштерди жасай алды. Бали дейли!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ