“Ош” базарында коронавирус инфекциясы катталды. Буга байланыштуу базар жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда борбор калаанын вице-мэри Азизбек Алымкулов онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Ошондой эле, ал маалымат жыйында “Орто-Сай” базарынан коронавирус жуктурган адамдар чыгып жаткандыктан 10-июндан 13-июнга чейин жабылгандыгын айтып өттү.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2093 адамга жетти. Анын ичинен 1572 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Ал эми бул оорудан 26 адам каза тапты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ