Кечээ, 3-июндун түнүндө экс-генпрокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды.
Салянованы милиция саат 15.00.те үйүнөн кармап кеткен. Ага чейин кармалган Нарын шаарынын атайын прокурору Майрамбек Акматалиев ага Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту генпрокурор Аида Салянова бергенин моюнга алган. Кечээ тергөөчүлөр Майрамбек Акматалиев менен Салянованы беттештиришкенде Акматалиев экс-генпрокурор Аида Салянованын көзүнчө ошол көрсөтмөсүн кайталаган. Ошондой ал кездеги генпрокурор Аида Салянованын орун басары Людмила Усманова да Саляновага каршы көрсөтмө берген.
Аида Салянова азыр 2 суткага Бишкек шаардык милициянын абагына камалды. Жакынкы 48 сааттын ичинде анын тагдырын сот чечет.
Булак: “Kyrgyztoday.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ