“Биз жамандап жүргөн Акаев, Бакиев режимдеринин учурунда сөз эркиндиги чектелип келди, а бүгүн эмне болду? Бүгүн сөз эркиндигине такыр эле “крест” коюлуп атат. Мындан артык чектөө, мындан артык сөз эркиндигин басмырлоо кантип болсун? Нарын Айып, Уран Ботобеков сыяктуу журналисттерге 10 миллион сомдон айып салынып, үйлөрү камакка алынууда. “Сентябрь” телеканалы соттук иликтөөсүз эле, “Тройканын” чечими менен жабылып жатат”, – деди Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы Бегалы Наргозуев кечээ, 30-августта “Парк-отелде” өткөн II Эркиндик форумунда сүйлөгөн сөзүндө.
Булак: “Next TV”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ