Menu

Узун-Акмат-1 алтын кенин иштетүүгө жергиликтүүлөр каршы

Бөлүшүү:

Токтогул районундагы Ак-Тектир айылынын тургундары 2-сентябрь күнү аймактагы Узун-Акмат-1 алтын кенин иштетүүгө каршылык иретинде жол тосушту. Бул тууралуу нааразы болгондор өздөрү “Азаттыкка” билдиришти.

Алардын айтымына караганда Токтогул райондук экологиялык техникалык инспекциясынын жолдо бараткан координатору Болот Жапаров жол тоскондор менен чырдашып, Ак-Тектир айылынын тургуну Базаргүл Карашбаевага кол көтөргөнгө чейин барган. Натыйжада акцияга чыккан аялдын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түшкөн.

Эколог Болот Жапаров муну төгүндөп, атайын уюштурулган чагым катары баалады.

Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Анарбек Мамбетов 2-сентябрда жол тосулганын, тараптар чырдашканын ырастады. Анын айтымында жергиликтүүлөрдүн кенге байланышкан нааразылыктары күч. Өз кезегинде лицензия сатып алган “Талбек” компаниясы жергиликтүүлөрдүн талаптарын укпай жатат.

Токтогулдагы Узун-Акмат-1 алтын кениндеги 600 гектар “Кассана Минералс” компаниясы 2006-жылы лицензия алып, жергиликтүүлөрдүн каршылыгынан улам ишин баштай алган эмес. Ал компания быйыл жыл башында лицензиясын казакстандык “Талбек” фирмасына сатканы белгилүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: