Menu

Ашхабадда спирт ичимдиктери көмүскө сатылууда

Бөлүшүү:

Ашхабадда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынганы менен мыйзамсыз соода уланууда. Бир нече күндөн бери алкоголдук продукцияларды автоунаалар менен ташып сатуу башталды.

“Алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынгандан кийин сатуучулар шараптарды жашыруун түрдө үйлөрүндө сатып калышкан. Азыр дүкөн ээлери ишенимдүү кишилерине телефон номурларын беришүүдө. Телефон чалып, дарегиңди айтсаң, машина менен аракты белгиленген жерге жеткирип беришет”,-деди шаар тургундарынын бири.

Азия оюндарынын алдында Ашхабаддын дүкөндөрүндө алкоголдук продукция толугу менен алынган, спирт ичимдиктерин саткан соода түйүндөрү өз ишмердүүлүгүн токтотушкан. “Ассошиэйтед Пресс” ((AP) агенттигинин кабарлашынча, бийликтин оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде ичимдик сатуу быйылкы жылдын октябрь айына чейин токтотулган.

Алкоголду сатууга тыюу салынгандан кийин Ашхабадга жакын жайгашкан “Абадан” шарап заводу ишин токтоткон. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, бул жагдайдан кийин Түркмөнстандын борборунда спит ичимдиктеринин көмүскө базары пайда болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: