Menu

Партиялар кайра жаралды, парламент да кайра жаралабы?

Бөлүшүү:

Жалпылап айтканда А. Мадумаров, А. Келдибеков, К. Ташиев, Б. Төрөбаевдин баштары кагаз жүзүндө расмий биригип, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары бир муштумга түйүлдү. Албетте, саясий агымда жогорку төрт саясатчынын минтип биригиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, мындайда ар кандай суроолор пайда болот экен. Себеби, аталган саясатчылар өзөгү болуп башында турган бул партиялар чындап эле кайрадан, жаңыдан жаралышып – “Кайра жаралуу” деген партияга айланган соң, кезинде М. С. Горбачёвдун “Кайра куруусунан” улам акыры барып СССР деген мамлекет дүйнөнүн саясий картасынан жок болуп кеткен сыяктуу эле эми ушул үч партия да “жок” болду деп түшүнсөк болобу? Анда бул кадамды мыйзамдын чегинде карасак Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс”, ошондой эле “Республика-Ата Журт” партиясынын мандаттары мыйзамдуу болуп эсептелеби? Себеби ал партиялар биригишип бир бүтүн “Кайра жаралуу” деген жаңы партияга айланып кетишпедиби? Демек, мындай шартта “парламенттеги аталган партиялардын атынан келген депутаттар автоматтык түрдө мандаттарын тапшыруулары керек” деген маселе жаралды десек болобу? Эгер мыйзам алкагында чыны менен эле ошондой боло турган болсо, анда кокус аларга кошулуп 38 мандаты бар КСДП фракциясы да өз мандаттарын тапшырып кетишсе, анда кворум жетишпей, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы парламенттик корпус өзүн-өзү таратууга барышы мүмкүн деген маселе жаралбайбы? Балким чындап эле ошондой болсо андай өзгөрүүнү, көпчүлүктүн ишениминен чыккан “оллигархиялык парламент” аталган бул корпустун таркатылышын коомчулук да кош колдоп кубаттаары айтпаса да белгилүү. Андайда, жаңы-жылдан тартып эгемендүү Кыргызстан кечээ жакында бекитилген жаңы Өкмөттү, 15-октябрдан кийинки шайланчу жаңы Президентти, анан жаңы Парламенттүү да болуп, (эгер чынында эле ошондой болуп кетсе… эгерде ал парламенттке таза, абийрдүү, иш билги инсандар келсе) анда эл ичинде “өлкөбүз өнүгүүнүн жаңы фазасына өттү, эми баары жаңы барактан башталаар” деген үмүт пайда болмок. Андан кийин мамлекет чындап парламентгик башкаруунун жолуна түшүп, коомубузда чыныгы күчтүү жана таза парламенттик корпус жаралып, өлкөнүн андан аркы өнүгүүсүндөгү бийлик вертикалындагы башкаруунун контролдук пакети да ошол парламенттин колуна өтүп, азыр эле айтып өткөндөй, мындай өзгөрүүлөр жаралса бери дегенде жамы-журтгун ичинде аруу тилектеги ойлор пайда болмок. Жаңы үмүттөр жаралып…

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: