Menu

Прокуратура Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыздыктарды аныктады

Бөлүшүү:

Редакциянын дарегине Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылынын тургуну 3. Нышанова арыз менен кайрылган эле. Арызда Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жетекчи-кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттөн бери жасалып келе жаткан бир нече мыйзам бузуу фактылары көрсөтүлгөн. Алардын арасында айыл өкмөтүнүн азыркы башчысы Н. Абдусатторов тарабынан кызматка мыйзамсыз дайындоо трансформациядан өтпөгөн жерлерди жеке турак-жай үчүн бөлүп берүү, жайыт жерлерин максатсыз пайдалануу жана бак-дарактарды уруксаты жок кыюу фактылары белгиленген эле. “Жаңы Ордо” гезитинин журналисттери алдын ала иликтөөлөр учурунда “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын 15-беренесинин талаптарына ылайык Муниципалдык кызматка дайындоо процедуралары боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнүп КРнын Мамлекеттик кадр кызматына кайрылышкан.

Аталган кызматтарабынан арызды териштирүү үчүн жумушчу комиссиясы түзүлүп, Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгү мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча кезексиз мониторинг жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тараптан КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын жана Эмгек кодексинин талаптары одоно бузулганы такталып, материалдар Чүй областтык прокуратурасына өткөрүлүп берилгендиги белгилүү болгон.

Буга чейин журналисттер тарабынан арыздын негизинде даярдалган “Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндөгүлөр мыйзамды билбейби же тоготпойбу?”, “Спикердин хан сарайы” аттуу макалалар коомчулукка жарыяланган.

Андан кийин Сокулук райондук прокуратурасы бир нече текшерүүлөрдү жүргүзүп, Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан КРнын Жазык кодексинин 204-бер. 1-бөл. (Алдамчылык), 320-бер. 2-бөл. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329-бер. 1-бөл. (Кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыш аракеттери жасалгандыгы аныкталгандыгын маалымдаган.

Бүгүнкү күндө Чүй областтык Финансы полициясынын тергөөчүлөрү арызда келтирилген ар бир факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы боюнча Жаңы-Пахтадагы мыйзамсыз аракеттерден улам бир топ адамдар сот тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы ажеп эмес…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: