Menu

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Түркия Республикасынын Улуттук майрамы — Түркия Республикасынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген мамилелерибиз боордош элдерибиздин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми бир тууган Түркия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: