Menu

Конституциялык палата АШАга карата туура чара көрүлгөнүн тастыктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери, КСДПнын юристи Нурбек Токтакуновдун Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 15-майында кабыл алган экс-президенттин кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамынын мыйзамдуулугу жөнүндө доосун карап, 24-октябрда анын бир пунктунан башкасы толугу менен “өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келет” – деген чечим чыгарды.

Ушул жылдын 15-майындагы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президенти саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөсүнө, ошондой эле саясый партиялардын иштерине катышуусуна жана анда жетекчи орундарды ээлөөсүнө тыюу салынган. Аны АШАнын тарапкерлери, оппозициядагы айрым саясатчылар “адам укугун чектөө, дискриминациялык көрүнүш катарында” көрсөтүүгө аракет кылышты жана андай аракеттер азыр деле болуп жатат. Бирок, чындыгында ал өлкөнүн саясый турмушунда теңдикти, адилеттикти камсыз кылууга багытталган чара экендиги бизде кенедей да шек туудурбайт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, экс-президенттер өздөрүнчө партия түзүп, саясый турмушка активдүү аралашса, алар кол тийбестиктерине таянуу менен башка партияларга, алардын лидерлерине салыштырганда өлчөөсүз артыкчылыктарга ээ болуп алышат. Эгерде алар саясый партиялар, шайлоо жөнүндөгү, ж.б. мыйзамдарды бузушса да, Боршайлооком, же укук коргоо органдары эч кандай чараларды көрө алышпайт. Анткени, экс-президенттердин кол тийбестиктери бар. Саясый мейкиндикте бирдей эреже, теңдик, талап, норма болушу үчүн экс-мамлекет башчылары саясаттан биротоло кетүүлөрү керек, эгерде активдүү саясатка аралашкылары келсе, экстик кепилдиктеринен баш тартуулары зарыл. Ал эми бизде жеңилдиктерден өз ыктыярлары менен ажырагысы келгендер жок, чыкпайт десек болот. Маселен, Атамбаев антүүнү ойлоп да койгон жок. Ал экстик кепилдиктер аркылуу саясатта да өмүр бою оюна эмне келсе, ошону жасаган эрке талтаң болгусу келди эле, коомчулуктун кысымы менен Жогорку Кеңеш жогоруда аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, анын өлкөнүн саясый мейкиндигинде үстөмдүк кылгысы келген ашыкча амбициясын ооздуктоого аргасыз болду. Эгерде антпесе АША саясый турмуштагы монстрга, Телибай тентекке айланып алып, өзү каалагандарды жасай бермек.

Н.Токтакунов баштагандардын: “мыйзам мурдагы убакыттагыларга колдонуучу күчкө ээ эмес, демек, ал кийинки экс-президенттерге гана колдонулуусу керек”- дегени да рационалдуу логикага ылайык келбейт, Туура, “закон обратной силы не имеет” деген укуктук принцип бар. Ал деген мурдагы кылмыштарга, жоруктарга ошол убактарда аракетте болгон мыйзамдар гана колдонулуусу керек, жаңыларын колдонгонго болбойт дегенди гана билдирет. Андан башкача чечмелегенге болбойт. Ал эми А.Атамбаевдин экстик кол тийбестиги өмүр бою берилген артыкчылык болчу. Эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-июнунда 2019-жылдын 15-майында кабыл алынган мыйзамдын негизинде кол тийбестиги алынбаса, ал өмүр бою созула бермек. Демек, жаңы мыйзам аракеттеги процесске колдонулду, анда “мурдагы” деген түшүнүк жок. Ал эми ага карата козголгон кылмыш иштери болсо өлкөнүн Башмыйзамынын 16-беренесиндеги “КРнын жарандарынын бардыгы мыйзам алдында бирдей” деген нормасынын негизинде ишке ашырылып жатат.

Конституциялык палата өз чечиминде ал нормага шилтеме жасабады, өз чечимин “укуктук иммунитеттин так чеги жана аны жеңүүнүн процедурасы болушу керектиги” менен гана түшүндүрдү. Чындыгында эле кол тийбестиктен ажыратуунун так сын-ченемдери, процедуралары болбосо, анда ал нормага эмес эле догмага айланып кетпейби.

АШАчылар өздөрүнүн Конституциялык палатага кайрылган аракеттери оң жагына чечилбестигин, цивилдүү мыйзамдык нормалар алар тарапта эместигин мурда эле түшүнүшкөн, бирок дагы бир жолу ашыкча саясый ызы-чууларды күчөтүү, “балта көтөрүлгөчө дөңкөч эс алат” деген максатта кайрылышты эле, ал максаттары орундалды бирок ошол эле мезгилде, Конституциялык палатанын чечими – чыныгы мыйзамдуулуктун салтанаты болуп калды.

Зайнидин Курманов, саясат таануучу: “Атамбаевчилердин Конституциялык палатага кайрылуусу саясий маселе болчу”

– Конституциялык палатанын Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан чечимин мыйзамдуу деп табары күтүлгөн эле нерсе болчу. Мыйзамдык өңүттөн алып караганда, баары туура эле болду. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатага башка максат менен кайрылышкан. Алар муну менен мурдагы президентке коомдун көңүлүн бурдуруп, сотту дискредитациялоону көздөшкөн. Алар жөнөкөй жарандардын баары эле юридикалык жактан сабаттуу эмес экенин билишип, бул чечимди туура эмес чечим катары көрсөтүүгө аракет кылышып көрүштү. Бирок чынын айтканда, сабатсыз юристке деле ушундай чечим чыгарылары белгилүү болчу.

Саясий өңүттөн карасак, бул келечектеги президенттер үчүн жакшы сабак болот. Бул чечимдин Атамбаевдин абакка отурганынан башка кесепети деле болбойт. Болочоктогу экс-президенттер абсолюттуу макамдан ажырашат, мыйзамды бузушса, Атамбаевдин кейпин кийерин биле жүрүшөт. Бул дүйнө жүзүндөгү нормалдуу эле көрүнүш, атүгүл королдордун да чексиз эркиндиктери болгон эмес.

Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү: “Туура чечим чыгарылды”

– Конституциялык палата буга чейин 2007-жылы Конституциядан президенттин абсолюттук кол тийбестиги боюнча норманын алынып салынганына негизденип, тарыхый чечимди, мындай макам мурдагы президенттерде жок деген чечимди чыгарышы керек эле. Бирок бул маселе саясатташтырылып келбедиби. Бул ирет туура чечим чыгарылды. Болгону алардын келтирген жүйөөлөрү бираз жетишсиз болду.

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Ушундай чечим болорун Атамбаевчилер деле билишкен”

– Мыйзамга негизделген туура чечим болду. Мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынганда кызуу талкууланган. Жарым жылдай талкууга алышып, андан кийин гана кабыл алышкан. Парламентте күчтүү юристтер бар. Ошондуктан баары иликтенип, Конституцияга каршы келбестиги да тыкыр каралган. Менимче, Атамбаевдин тарапкерлеринин Конституциялык палатага кайрылуусу саясий маселе болчу. Юридикалык жактан алганда, жеңилишерин билишкен. Бирок алар мыйзамсыз чечим болду дегенди бетке кармоо менен элдин көңүлүн аталган маселеге бургусу келишкен. Конституциялык палатанын чечими ушундай болорун алар деле билишкен.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Мыйзамдын алкагындагы чечим болду”

– Ким эмне дебесин, Конституциялык палата мыйзамга таянуу менен көпчүлүк күткөн эле чечим чыгарды. Эсиңерде болсо, ушул жылдын июнунда “КР президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Конституциялык палата ушул мыйзамдын алкагында иш алып барды. Жактоочулар палатага коюлган маселе туура эмес болгонун билишет. Соттук процесстерде маселенин туура коюлуусу чоң роль ойнойт. Маселени кароодо мурдагы өлкө башчысы макамынан мыйзамдуу ажыратылдыбы же мыйзамсызбы деген суроого жооп берүү болду. Албетте, мындай шартта жактоочулар ийри суроого ийри жооп алышты да. Мындан сырткары, алар өлкө башчыны «экс» макамынан ажыраткан мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча да кайрылышкан. Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу Башмыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарды. Менин оюмча, чечим мыйзамдын алкагында жана каралган маселеге ылайык болду. Эгерде мурдагы өлкө башчынын тарапташтары башкача аргумент менен кайрылышса, балким, чечимда башкача болмок.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: