Menu

Адил Турдукулов, саясатчы: “Атамбаевди камай алышпайт, биз аягына чейин күрөшүп, жеңишке жетебиз!”

Бөлүшүү:

Маектешим ар дайым саясаттын чордонунда жүрөт. Кайсы жерде адилетсиз камоолор, сурактар, сот процесстери болбосун, Адил мырза дайыма жарандык позициясын жашырбай, эл алдында калыс кебин ай кандан тартынбайт. Мындай көз караштагы адамдар бар үчүн коом өнүгөт, сөз эркиндигине, адам укуктарына жол салынат эмеспи.

– Адил мырза, 8-июнда өтө турган «Форумдагы» митингде кандай маселелер көтөрүлөт?

– Ооба, ишемби күнү оппозициянын ордосу «Форумда» «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» аталыштагы митинг өтөт. Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев жана саясый партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери катышат. Мындан тышкары, коррупцияга кайдыгер карай албаган жарандардын баарын бул иш-чарага чакырабыз. Эң башкы маселе – коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатканында, саясый туткундар бошобой, тескерисинче көбөйүп, паракорчулар менен күрөшө турган укук коргоо органдар өздөрү коррупцияга батышып, бир гана саясый буйруктарды аткарып жатканы боюнча сөз болуп, абалды өзгөртүү боюнча талаптар коюлат.

– Митингге экс-президент Атамбаев да катышат турбайбы, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бир топ сын пикирге күбө болсок керек?

– Атамбаевдин митингге катышканы күтүлгөн нерсе, анткени, аны легитимдүү саясый талаадан чыгаруу аракети уланып келе жатат. Партияны рейдерлик жол менен алып коюу аракети, «саясат менен алектенбесин» деген мыйзам, керек болсо үйүнө чейин барышып, көчөгө чыгарып коюу аракеттери – баары тең Атамбаевди бир гана митинг, пикет, жөө жүрүш жасоого түртүүдө. Атамбаев өзү да сөз сүйлөйт, мурунку чакырыктардан да радикалдуу болот го (!) деп ойлойм. Анткени экономикага көңүл бурулбай, укук коргоо органдардын аракеттери бир гана Атамбаев, КСДП менен күрөшүп жатканында.

– Айтмакчы, Атамбаевди камакка алууга аз күндөр калганы болжонууда. Кокус камалып кетсе кандай кадамдарга барасыңар? КСДП өзгөчө Чүй боорундагы электораты менен тыгыз иштешип атканын байкоодобуз…

– Эгер Атамбаевге карай кандайдыр бир коррупцияга тиешелүү далилдүү фактылар болсо, бийлик муну мурунтан эле чыгарып, башта эле камамак. Убакыт өттү, эми камай алышпайт. Атамбаев менен КСДП келечекте оппозициянын туусун эч кимге өткөрүп бербейт. Аягына чейин күрөшөбүз. Жеңишке жетебиз! Чүй боорунда гана эмес, бүт аймактарда электорат менен иштер жүрүп жатат. Жакында партиялык мектеп ачып, жаштар менен тыгыз иштеп баштайбыз.

– КСДП ичиндеги активист Алга Кылычовдун камалышы керектигин жаздың эле. Кандай себептер бар?

– Алга Кылычов мурун кандай гана каталарды кетирип, мыйзам бузууга барбасын азыр куугунтук башынан өткөрүп жаткан КСДПнын курамында. Ошондуктан экөөбүз жападан жалгыз оппозициялык партияда болгон убакытта сабырдуулук кылып, анын камалышын талап кылбай турууну чечтим.

– Аида Салянованын кармалышына кандай көз карашта болуп атасыз?

– Аида Салянованы Атамбаев, Текебаев өстүрүп, чоң даражага жеткирген эн күчтүү кадр катары эсептейм. Ошол эле убакта ал саясый буйрукту аткарбаган үчүн кызматтан кеткенден кийин кыйла эле саясий куугунтукту башынан өткөрдү. Абдил Сегизбаев менин атамды жумуштан кетирүү аракетине моюн бербегени үчүн мен дайыма ыраазы болом. Бирок, азыр Саляновага күнөө коюлуп, камалганы бир гана Атамбаевге байланыштуу эмес экенин тастыктайт. Бул сыноодон Аида Жеңишбековна ак чыгат деп ишенем.

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: