Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан экстремисттик аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана аларга карата бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн. Сокулук районунан 48 жаштагы Б.К. тыюу салынган диний көз караштагы материалдарды жайылтууга шектелип кармалган. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жарандарды үндөгөн Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдун мүчөлөрү аныкталып, алардын бири жашаган Аламүдүн районундагы үйлөрдүн бирине тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда 6 китеп, 19 баракча жана башка тыюу салынган диний көз караштагы материалдар жазылган бир нече брошюралар алынган. Алынган материалдарда: «Аль-Ваъи саясий», «Идарий Топтом», «Халифалык мамлекетиндеги малия» жана башка маанидегилер болгон. Баардык материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ