Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Азия Оскары” наамына көрсөтүлгөнүн “Кыргыз фильм” расмий сайтына жарыялады.
Белгилей кетсек, Азия-Тынч океан (Asia Pacific Screen Awards, APSA) киноакадемиясынын сыйлыгынын “Эркектин мыкты ролу” наамына 5 өлкөнүн актерлору – Өзбекстандан Рашид Маликов, Индиядан Навазуддин Сиддикуи, Ливан мамлекетинен Заин аль-Рафея, Ирандан Бахман Фарманара жана Кыргызстандан Акылбек Абдыкалыков көрсөтүлгөн.
Азия-Тынч океан киноакадемиясына 70тен ашуун өлкөнүн кинематографисттеринин эмгектери көрсөтүлүп келет. Бул ирет сыйлыктарды тапшыруу аземи 29-ноябрда Автсралиянын Брисбен шаарында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ