Бул Кубанычбек Кулматов дегендин ырысы тоодой неме экен. Эт эмес же чел эмес арабөк аткаминер экенине карабастан, улам бир кызматка секирип жадатты. Сыягы, ыргылжыңдардын ташы жогору кулайт көрүнөт. Өлкө башчысы Кулматовду Кудайга шүгүр эле эркелетти. Дээрлик үлкөн акчалуу кызматтарды аркалап, жакшы эле эркелеп жатат. Ошого жараша ишинин жыйынтыгы жакшы болуп, иш билген неме, мейли дейт элек. Мына ушул ортозаар неме Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалды. Бул кыраан буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген. Мамлекеттик бажы кызматында эмгектенип, Чүй облусунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси жана Бишкек шаарынын мэри болгон. Деги барган жеринен жакшы пикир калтырган жан эмес. Ар дайым ачуу сындан башка, кулагы сүйүнүп жылуу сөз уга элек болсо керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ