Menu

Акаев, Бакиев учурунда да кездешпеген биринин шапкесин экинчисине кийгизген шылуундук

Бөлүшүү:

Орусиялык “РусГидро” компаниясы 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн кыргыз өкмөтүн сотко берери белгилүү болду. Бул тууралуу “РусГидронун” башчысы Николай Шульгинов РИА Новости маалымат агенттигине билдирген. Шульгинов курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды өндүрүп алуу үчүн эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаганын айткан. Ошол эле учурда КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов кыргыз өкмөтү “РусГидро” менен соттошууга даяр экенин айтууда. Анын ишендиришинче, бул сумманы 18-сентябрга чейин чехиялык Liglass Trading компаниясы “РусГидрого” которушу керек. Демек, Нарын дарыясынын жээгине ГЭС курабыз деп, кыргыз тарап орусиялык компаниядан 37 млн. АКШ долларын алгандыгы чын экен. Бирок биздин эпчил жеп-ичер чиновниктер чехиялык компаниядан акча алып күтүү аракетин көрүп жатыптыр. Бул керек болсо Акаев, Бакиев учурунда да кездешпеген биринин шапкесин экинчисине кийгизген шылуундук эмеспи? Эртең чех компаниясына карызды ким төлөйт? Албетте. карапайым эл жана бешикте жаткан бөбөктөрүбүз. Сыягы, бул жаңы өкмөт башчы С. Исаковдун “кырк кадам” программасынын бир кадамы окшойт…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: