Menu

Нариман Түлеев Германияда ден соолугу менен алпурушууда

Бөлүшүү:

Соңку 5 жылда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевге карата адилетсиз жагдайда саясат жүрүп келгенин кайда катабыз? Бул бийлик каарманыбызга беш жылга чейинки абак жазасынан тышкары ага тийиштүү имараттарды катар-катары менен мамлекетке тартып алып, экс-депутатты күйгүзгөнгө чейин алып барышкандарычы? Дал ушундай адилетсиз саясаттын кутумуна кабылган Нариман акебиз бул аралыкта ден соолугунан болушунча жабыркады. Стресс, нерв, түпсүз ой-санаанын артынан түшүү оңойбу? Ушул күндөрү сөөгүнөн берки менеджер Германияда операция болгону каңкууланды. Бул боюнча өздүк кабарчыбыз Нариман Ташполотовичтин өзү менен байланышканда операция болгону тууралуу унчукпай, болгону дарыланып жатканын айткан. Бул жалганда ден соолуктан өткөн не бар? Андыктан экс-мэрге ден соолук, аман-эсен сакайып кетишин каалайбыз!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: