«Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова сот жана прокурорлордун жинине тийгени боюнча тар чөйрөдө талкуу жаралып, процесстин создуктурулуп атканына чара көрүү демилгеси каралыптыр. Аида айым буга чейин ынанымдуу себептерин айтууга аракет жасаганы менен сөзү негизсиз катары кабыл алынганы, дээрлик соттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратканы жагынан бааланып, мындан ары ага катаал чечимди кабыл алуу шартка ылайык экенин маалымдашууда. Ошондо бүгүнкү күндөгү мыйзамга тууралап, Салянованы камакка алуу бүтүмүнө келишсе, президенттик шайлоого алаксыган эл назарын деле бурбай калабы? Кандай да болбосун Алексей Елисеевге байланыштуу, резонанстуу бул кылмыш иши боюнча акыры тарых жана мезгил өз убагында адилет баасын берсе керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ