Menu

Аттокуров “кутуруп” калганбы ыя?

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгына караштуу №10-милиция бөлүмүнүн башчысы Талант Аттокуров деген өзү таластык эмес, бирок «өпкө» чалыш бир жигит бар. Бу дагы Бакиевдин тушунда Конгантиевге таянып алып тайраңдагандардын бири. Москва райондук милициясында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турганда туура эмес иштерди жасап жиберип, кол астында иштеген оперлердин тепкисинде калып, көчүккө тээп айдалган. Анан Аламүдүн райондук милициясында башчынын орунбасары болуп иштеп жүрүп аймактык тескөөчүнү сабап салып атагы таш жарган. Мына ушундай тайраңбай бул Аттокуров деген неме. Анан көрүнбөй калган, көрсө №10-милиция бөлүмүн башкарып жаткан турбайбы. Ал кызматка да ыраазы болбой, Свердлов райондук милиция башчысы болом деп, акча салган барсеткасын бапестеп жанына салып алып ИИМдин эшигин сагалап жүрү дейт. «Жоробеков менен Чойбеков досуман кем калышпайм, керек болсо тажрыйбам алардыкынан да ашты, акчам деги бар» дегендей кеңкеет дешет. И баса, өткөндө Жоробеков досу алты ай кызматсыз калганда бир жолу ахыбалын сурап чайга чакырып койбоптур. Болбосо анын этегине эрмешип эле жүрчү да ботом. Милийсадан дос күтпө деген ушул экен да кургурдуку. Болбосо тигил Жоробеков жигиттин гүлү эмеспи, Аттокуров дегенде алдына аш коюп, жамандап жазып койсок таламын талашып жатып калчу да. Эми билип жатса керек кимдин ким экенин. Ал эми Токмок шаардык милийса башчысы Чойбеков болсо өзүнчөле чойролоңдоп болбой калыптыр. «Кара кыздын агынан эмес багынан» дегендей, кызматтан багы ачылбай жүрү бу жигиттин көптөн бери. Болбосо кыялындагы жомок – Чүйдүн облмилициясынын башчысы болду. Дагы көп сөз бар эми бул үчилтик боюнча. Азырынча безине тийбей коё туралычы байболгурларды.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: