Menu

Кара-Буура районунун Бакыя айылындагы көпүрө колдонууга берилди

Бөлүшүү:

2017-жылдын 15-сентябрында Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Бакыян айылындагы көпүрөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Мындан бир жыл мурун июнь айында температуранын кескин жогорулап кетишине байланыштуу Талас суусунун деңгээли көтөрүлүп Бакыян айылынын жергиликтүү элин, айылдын түндүк тарабындагы айдоо жерлери жана мал сарайлар менен байланыштыруучу  көпүрөнү алып кеткен.

2017-жылы көпүрөнү кайра калыбына келтирүү максатында КР ӨКМ тарабынан 400миң сомго бааланган курулуш материялдары, тактап айтканда 30тонна цемент, 4тонна арматура, 210метр темир труба жана 100 метр швелер бөлүнүп берилген.

Талас суусунун деңгээлинин азайышын күтүү менен курулуш иштери 2017-жылдын 28-августунда башталган. Курулушту Талас облусунда “Эрнур Ай курулуш” компаниясы утуп баштаган. Кыска мөөнөттүн ичинде Бакыян айылынын өнүктүрүү фондунун колдоосу менен, облустук УОСтун техникасы жана Кара-Буура райондук УОСтун автокранынын жардамы колдонуп көпүрөнүн ачылышы 2017-жылдын 15-сентябрында колдонууга берилген.

Ачылышка КР ЖКнин депутаты Д.Жумабеков, Талас облусунун өкүлчүлүгү Дайыр Кенекеев орун басары Ч.Төрөкулов жана райондун акими Баратбек Сыдыкназаров катышты. Негизги сөздөрүндө КР ӨКМне бөлүнүп берилген курулуш каражаттарына ыраазылыктарын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: