Ушул жылдын 13-сентябрь күнү жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, борбордук ооруканалардын биринин жанында токтоп турган “Тайота-Харьер” үлгүсүндөгү автоунаанын айнегин белгисиз жарандар талкалап, 2 600 АКШ долларын жана 15 000 теңге акча каражатын уурдап кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш изин суутпай Ош облусунун 29 жаштагы А.А. менен Чүй облусунун 29 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары кармалышкан.
Жогорудагы факты боюнча Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар тергөө абагына камалып, тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ